Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН САНЫ АРБЫДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН САНЫ АРБЫДЫ

 555 Бардыгы /

          Соңку сааттарда Жалал-Абад облусунун борбору Жалал-Абад калаасынын шаардык Кеңешинин кезексиз XXXVIII сессиясы өткөрүлдү.

          Ошентип, аталган сессиянын башында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан Президенттин 2024-жылдын 7-февралындагы №24-Жарлыгына ылайык, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык депутаттар мындан ары өз ишмердүүлүгүн ырааттуу түрдө улантып, ыйгарым укуктарынын чегинде гана иш алып баруусу ачык айтылды.

          Анткени, буга дейре Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 31 эле. Соңку тапта шаарга бириккен айыл өкмөттөрдөн келишкен депутаттар дагы кошулуп, булардын жалпы саны 79ду чапчыды. Тактап айтканда, Таш-Булак айыл өкмөтүнөн – 31, Ырыс айыл өкмөтүнөн – 12, ал эми Барпы айыл өкмөтүнөн – 5 депутат Жалал-Абад шаардык кеңешине кошулушту.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17