Аймак

НООКАТТАГЫ 300 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ БАШТЫКЧАСЫ ТАРАТЫЛДЫ

НООКАТТАГЫ 300 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ БАШТЫКЧАСЫ ТАРАТЫЛДЫ

 528 Бардыгы /

          Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды. Бул туурасында республикабыздын Муфтиятынан кабарлашты.

          Маалыматка караганда. Ноокат районундагы жалпы имамдар кайрымдуулук иштерин уюштурууну активдүү башташты. Алгачкылардан болуп “Жоме” жана “ Молдо Якуб” мечитинин имамдарынын демилгеси аркасында  300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды. Баса, жардам баштыкчасынын ичинде тамак жасоо үчүн керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баардыгы камтылып, бир баштыкча 5500 сомду түздү. Жалпы суммасы 1 мииллион 650 миң сомду чапчып, ал «Хадия Ноокат» коомдук фонду тарабынан элден чогултулган эле.

          Ошентип, Ноокат райондук хатибияты жалпы имамдарга кайрымдуулук иштерин уюштуруу боюнча тапшырма берилгендигин айтып, мындай сооптуу иштер тез-тез өткөрүлүп тураарын дагы кошумчалашты.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17