Аймак

МЕЧИТ БОЛУП КЕЛГЕН МЕКТЕПТИН ИМАРАТЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

МЕЧИТ БОЛУП КЕЛГЕН МЕКТЕПТИН ИМАРАТЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

 594 Бардыгы /

ЧҮЙ. Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кант райондук мамлекеттик администрациясынын (азыркы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы) жана Бирдик айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, аталган айылдагы мурдагы мектептин имараты жана анын жер тилкеси окуу-тарбия иштерине байланышпаган башка максаттарда, тагыраагы мечит катары пайдалануу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына ченемдик укуктук актыларын бузууларды четтетүү жөнүндө талап киргизилип, аны кароонун натыйжасында Ысык-Ата районунун Бирдик айылындагы 22 млн. 84 миң сомго бааланган мектептин имараты жана 709 чарчы метр жер тилкеси билим берүү максатында пайдалануу үчүн мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17