Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
439 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2011-жылдын 16-майындагы№ 225 токтому менен бекитилген Кызматкерлерди ишке кирүүдө милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналыккароодон өткөрүү жөнүндө нускама 1. Жалпы жоболор 1. Бул Нускама менчигинин түрүнө карабастан, иштери тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана тиричиликтик жактан тейлөө менен байланышкан жана ден […]
440 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2011-жылдын 16-майындагы№ 225 токтому менен бекитилген Кызматкерлерди ишке кирүүдө милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналыккароодон өткөрүү жөнүндө нускама 1. Жалпы жоболор 1. Бул Нускама менчигинин түрүнө карабастан, иштери тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана тиричиликтик жактан тейлөө менен байланышкан жана ден […]
КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ИШКЕ КИРҮҮДӨ МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ АЛДЫН АЛА ЖАНА МЕЗГИЛ-МЕЗГИЛИ МЕНЕН МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ НУСКАМА
20.03.2024 / Автор anarkan_kg441 Бардыгы /
Кызматкерлерди ишке кирүүдө милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык
кароодон өткөрүү жөнүндө нускама
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама менчигинин түрүнө карабастан, иштери тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана тиричиликтик жактан тейлөө менен байланышкан жана ден соолук үчүн зыяндуу болгон эмгек шарттарында иштеген кызматкерлер ишке кирген учурда милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароону уюштурууда жана өткөрүүдө саламаттык сактоо органдары жана мекемелери жетекчиликке алуу үчүн арналган жана «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде жана «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Ишке кирүүдө алдын ала медициналык кароо жүргүзүүнүн максаты болуп кызматкерлердин ден соолугунун аларга тапшырылуучу ишке ылайык келишин аныктоо саналат.
Мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жүргүзүүнүн максаты болуп кесиптик зыяндуулуктун таасир этүү шартында кызматкерлердин ден соолугуна динамикалуу байкоо жүргүзүү, зыяндуу кооптуу заттар жана өндүрүштүк факторлор менен ишти улантууга тоскоолдук болуучу кесиптик оорулардын алгачкы белгилерин алдын алуу да өз учурунда аныктоо, кокусунан болгон кырсыктын алдын алуу, ошондой эле кызматкерлердин ден соолугун сактоого жана эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө багытталган алдын ала жана реабилитациялык иш-чараларды өз убагында жүргүзүү саналат.
3. Ишке кирүүдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өндүрүштө кооптуу зыяндуу заттардын жана өндүрүштүн жагымсыз факторлорунун таасирине кабылышы мүмкүн болгон адамдар өтүүгө тийиш.
Алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолор мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт.
Психиатрдын кароосу текшерилүүчүнүн туруктуу катталган жери боюнча психоневрологиялык диспансерде (бөлүмдө, кабинетте) жүргүзүлөт.
4. Кызматкерлерди алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүүгө акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5. Иш берүүчүнүн каалоосу боюнча жана анын каражатынын эсебинен алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолор саламаттык сактоо уюму менен келишим боюнча кеңейтилген программа менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду (текшерүүлөрдү) жүргүзүүнүн жыштыгы конкреттүү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык учурга жана тийиштүү контингенттин иштеген жерине жараша иш берүүчү менен бирге коомдук саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталат.
7. Медициналык кароолорду өткөрүү иш берүүчү менен медициналык уюмдун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууга тийиш.
2. Медициналык кароолорду жүргүзүү тартиби
8. Кызматкер алдын ала (кезексиз) медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүү үчүн төмөнкүлөрдү берет:
– иш берүүчү тарабынан берилген жолдомо кагазды, анда зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордун тизмеси жана ишти аткарууда кызматкерлердин алдын ала жана мезгил-мезгили менен кароодон өтүшү милдеттүү болгон иштер көрсөтүлөт;
– анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти;
– мурдагы иштеген жери боюнча мезгил-мезгили менен кароолордун жыйынтыктары менен амбулатордук картаны же анын көчүрмөсүн, зарыл учурда – врачтык психиатриялык комиссиянын чечимин.
9. Иш берүүчү (Мамлекеттик саниатариялык – эпидемиялык көзөмөл борборунун (мындан ары – МСЭКБ) адисинин жардамы менен контингентти аныктайт жана участокторду, цехтерди, өндүрүштөрдү, кызматкерлерге таасир этүүчү зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлорду көрсөтүп, мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүгө тийиш адамдардын аттары жазылган тизмесин түзөт жана аймактык МСЭКБ менен макулдашкандан кийин аны кароо башталганга чейин 2 ай мурда саламаттык сактоо уюмуна жөнөтөт.
10. Саламаттык сактоо уюму иш берүүчүдөн алынган тизменин негизинде медициналык кароону (текшерүүнү) жүргүзүүнүн календардык планын иш берүүчү менен макулдашат жана бекитет.
11. Алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду (текшерүүлөрдү) жүргүзүүчү саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси комиссиянын курамын жана медициналык кароону жүргүзүүгө жооптуу адамды дайындоону буйрук менен бекитет.
12. Медициналык кароолор ишкананын, уюмдун жайгашкан жери боюнча саламаттык сактоонун аймактык уюмдарында жүргүзүлөт.
13. Зыяндуу иштерде, зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлор бар иштерде беш жана андан ашык жыл бою иштеген кызматкерлер адистештирилген бөлүмү бар республикалык саламаттык сактоо уюмуна кесиптик жарактуулугуна жана кесибинин оору менен байланышына экспертизадан өтүүгө беш жылда бир жолу жиберилет.
14. Медициналык кароого келишине жоопкерчиликти ишкананын, мекеменин администрациясы, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тартат.
15. Медициналык кароонун маалыматтары амбулатордук медициналык картага жазылат. Карап чыгууга катышкан ар бир врач кесиптик жарактуулугу жөнүндө жыйынтык чыгарат жана көрсөткүчтөр болгондо дарылоо-алдын алуу иш-чараларын дайындайт. Өзүнчө баракка кызматкердин кесиптик маршрутунун маалыматтары (ишкана, цех, участок, кесиби, стажы, зыяндуулугу, кооптуу заттар жана өндүрүштүк факторлор) жана ден соолугунун тапшырылган ишке ылайык келиши жөнүндө акыркы корутунду же башка корутундулар (башка ишке убактылуу же туруктуу которуу жөнүндө) жазылат. Эмгек иши өзгөргөн учурда баракка тактоолор жана толуктоолор жазылат.
16. Саламаттык сактоо уюмдары (саламаттык сактоо пункту, Үй-бүлөлүк медицина борбору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, МСЭКБ, иш берүүчүнүн өкүлү, ишкананын профсоздук комитети менен бирге кызматкерлерди алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүүнүн жыйынтыктарын жалпылайт жана анын жыйынтыгы боюнча 4 нускада жыйынтыктоочу акт түзөт.
17. Алдын ала же мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөн, кооптуу жана зыяндуу заттар жана өндүрүштүк факторлор менен иштөөгө жарактуу деп табылган кызматкерлерге тиешелүү корутунду берилет, ага саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кол коет жана мөөр басылат.
Жеке уруксат берилген учурда аталган корутундуга протезди, угуу аппаратын, көз айнекти ж.б. милдеттүү түрдө колдонуу жөнүндө маалыматтар жазылат.
Медициналык каршы көрсөткүчтөр аныкталганда саламаттык сактоо уюму бул жөнүндө иш берүүчүгө дароо билдирүүгө жана үч күндүк мөөнөттө ага корутундунун көчүрмөсүн салып жиберүүгө милдеттүү.
18. Кооптуу жана зыяндуу затгар жана өндүрүштүк факторлор менен иштөөгө болбой турган кызматкерлерге же чыр-чатак учурларында колуна адистештирилген бөлүмү бар саламаттык сактоо уюмунда жетекчинин буйругу менен түзүлгөн клиникалык-эксперттик комиссиянын корутундусу берилет жана медициналык кароого жолдомо кагаз берген иш берүүчүгө 3 күндүк мөөнөттө көчүрмөсү жиберилет.
19. Вахта методунун кызматкерлерин алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароону вахталардын туруктуу медициналык тейленген жери же алардын жайгашкан жери боюнча саламаттык сактоо уюму жүргүзөт, мында вахта уюмунун администрациясы каржылоо маселесин чечиши керек.
20. Алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөн кызматкерлерге ошондой эле эмгек шарттары жана өндүрүштүк факторлор менен башка ишке которууда зарыл документтер мурдагы кароонун маалыматтарынын негизинде дарылоочу врач тарабынан таризделет, ал эми экинчи жолку медициналык кароо белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
21. Алгачкы жана мезгил-мезгили менен профилактикалык наркологаялык кароодон өтүшү милдеттүү болгон кызматкерлер Медициналык кароо боюнча комиссияга профилактикалык наркологиялык кароодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат тапшырышы керек.
Алдын ала жана мезгил-мезгили менен психиатриялык кароодон өтүшү милдеттүү болгон кызматкерлер Медициналык кароо боюнча комиссияга алдын ала (мезгил-мезгили менен) психиатриялык кароодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат тапшырышы керек
Иш берүүчүлөр кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда медициналык кайрадан текшерилүүгө (катуу ооругандан, мертинүү алгандан ж.б. кийин) жиберүүгө укуктуу, мөөнөтүнөн мурда кароого жиберүү үчүн жүйө жолдомодо көрсөтүлүүгө тийиш.
Зыяндуу жана/же кооптуу өндүрүштүк факторлору бар жумушта иштеген кызматкер медициналык уюмда дарыланган учурда, медициналык уюм дарылоо аяктагандан кийин ага оорусунун кандай болгондугун эске алуу менен мурунку иш шартында ишин улантуу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө корутунду берүүгө жана убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасына тиешелүү белги коюуга милдеттүү.
Даярдаган: Кучумкулова Г.М,
Жалал-Абад РАОАА жана МСЭКБнун
санитардык врач
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
-
-
27.09.2024 / Автор anarkan_kg “ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ЖАЛАЛ-АБАД” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.