Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
430 Бардыгы / Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Кадыров “Азаттыкка” билдирип, Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн кошумчалады. “Учурда Орусия антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Өлкөгө кирип-чыгууда […]
431 Бардыгы / Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Кадыров “Азаттыкка” билдирип, Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн кошумчалады. “Учурда Орусия антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Өлкөгө кирип-чыгууда […]
ТИМ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ АЗЫРЫНЧА ОРУСИЯГА БАРБАЙ ТУРУУГА ЧАКЫРДЫ
26.03.2024 / Автор anarkan_kg432 Бардыгы /
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды.
Бул тууралуу министрликтин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Кадыров “Азаттыкка” билдирип, Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн кошумчалады.
“Учурда Орусия антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Өлкөгө кирип-чыгууда чек арадан өткөндөрдү текшерүү күчөдү. Ошондуктан элчилик биз тараптан Орусияга кирүүнү алдын ала пландап, зарыл иштери болбосо барбай турууну сунуштайт. Бул тууралуу бардык диаспоралык уюмдарга маалымат таратылып жатат. Антитеррордук иш-чаралар канча убакытка чейин жүрөрү боюнча бизде маалымат жок. Кээ бир жарандар “кара тизмеде” же буга чейин укук бузган болсо өлкөгө киргизилбей жатат”, – деди Кадыров.
ТИМдин өкүлү элчилик жана министрликтин ыкчам номурлары күнү-түнү иштеп жатканын кошумчалады.
Орусиянын Тергөө комитетинин акыркы маалыматына караганда, концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 139га жетти.
22-март күнү кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.
Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.
Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскеришкен.
Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган.
Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин билдирип, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган эмес. Аларды Москванын Басман райондук соту эки айга камакка алган.
Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып жатышат. Москва расмий түрдө мындай маалымат бере элек.
25-майда Москванын Басман райондук соту террордук кол салууга байланыштуу дагы үч шектүүнү (тажик жарандары) эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
“Крокус Ситидеги” кол салуудан кийин Москвада мигранттарды текшерүү күчөдү. 23-мартта “Шереметьево” аэропортуна учуп барганда кармалып, коё берилбей жатканын айрымдары “Азаттыкка” айтып беришкен.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.