Аймак

КЫЗАМЫК ООРУСУНУН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КУРГАК УЧУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

КЫЗАМЫК ООРУСУНУН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КУРГАК УЧУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

 246 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 28-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясында кызамык илдетинин алдын-алуу жана кургак учук менен күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов, шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана аймактык башкармалыктардын башчылары, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында акыркы убакта балдар арасында кызамык оорусунун күч алгандыгы белгиленип, акыркы 3 айда Жалал-Абад шаары боюнча 176 учур катталгандыгы айтылып, балдарды эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгы баса белгиленди.

Мындан сырткары, кургак учуктун бир айлыгынын алкагында иш-чаралар планы бекитилип, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Соңунда кызамык жана кургак учуктун алдын-алуу боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү тапшырмалары тиешелүү жетекчилерге берилди.

Белгилей кетсек, 14-марттан тарта Жалал-Абад шаары боюнча кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталып, бүгүнкү күнгө карата шаар боюнча балдарды эмдөөдөн өткөрүү көрсөткүчү 58% га жеткен.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17