Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
379 Бардыгы / Баткенде 24-29-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактаган эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргыз өкмөтү анын жыйынтыгында тараптар дагы 28,37 чакырым тилке тууралуу мунаса табышканын билдирди. Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт. Азырынча анын датасы тууралуу маалымат бериле элек. 29-мартта Баткен шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери Камчыбек […]
380 Бардыгы / Баткенде 24-29-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактаган эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргыз өкмөтү анын жыйынтыгында тараптар дагы 28,37 чакырым тилке тууралуу мунаса табышканын билдирди. Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт. Азырынча анын датасы тууралуу маалымат бериле элек. 29-мартта Баткен шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери Камчыбек […]
КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА ДАГЫ 28,37 ЧАКЫРЫМ ТИЛКЕ МАКУЛДАШЫЛДЫ
01.04.2024 / Автор anarkan_kg381 Бардыгы /
Баткенде 24-29-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактаган эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргыз өкмөтү анын жыйынтыгында тараптар дагы 28,37 чакырым тилке тууралуу мунаса табышканын билдирди.
Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт. Азырынча анын датасы тууралуу маалымат бериле элек.
29-мартта Баткен шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолуккан. Өкмөт ал жолугушуу жөнүндө кенен маалымат берген эмес.
Буга чейинки сүйлөшүүлөр өткөн аптада Тажикстандын Бустон шаарында өткөн. Анда тараптар дагы 11 чакырымга жакын чек ара сызыгы макулдашылганын жарыялаган.
16-мартта да Ташиев менен Ятимов Тажикстандын Бустон шаарында жолуккан.
Президент Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен.
Тараптар буга чейин жарыялаган маалыматтарына ылайык, акыркы беш айда эки өлкөнүн чек арасынын 210 чакырымдайы тууралуу орток пикир табылган. Тактала элек тилкелер негизинен Баткен районунун аймагында жайгашкан жана эң чырлуу жана кыйын делген бөлүктөр болуп саналат.
Чек ара маселеси чечилбегендиктен аймакта чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган.
Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери тездетилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТТА БАЛДАР ЧОПОДОН ЖАСАЛГАН МЕКТЕПТЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК КУРУЛАТ
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.