Аймак

4,1 МЛН. СОМГО БААЛАНГАН 8 АВТОУНАА МАМЛЕКЕТТИН МЕНЧИГИНЕ АЛЫНДЫ

4,1 МЛН. СОМГО БААЛАНГАН 8 АВТОУНАА МАМЛЕКЕТТИН МЕНЧИГИНЕ АЛЫНДЫ

 381 Бардыгы /

Баткен областынын прокуратурасы тарабынан Баткен райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүндө (мындан ары- САКБ) жана башка тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда 2022-2023-жылдар аралыгында соттор тарабынан каралып, күчүнө кирген соттук актылар боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалым ат кызматы билдиргендей,текшерүүдө Баткен райондук САКБдын сот аткаруучуларынын мыйзамсыз аракеттеринен жана өздөрүнүн функционалдык милдеттерин мыйзам талабына ылайык жүзөгө ашыра алышпагандыктан улам, күчүнө кирген соттук актылар аткарууга алынбай, негизсиз создуктурулуп, анын натыйжасында, 2022-жылы жергиликтүү соттор тарабынан 8 автоунаа бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилбей, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен райондук жана Баткен шаардык башкармалыктарынын карамагында мыйзамсыз кармалып тургандыгы аныкталган.

Жогорудагылардын негизинде аталган мыйзам бузуучулуктарга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 4 млн 124 миң сомго бааланган 8 автоунаа Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилип, мамлекеттин менчигине кабыл алынды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17