Аймак

АЙДООЧУЛАРГА АМАНЧЫЛЫК ТИЛЕГЕН ООЗ АЧАР УЮШТУРУЛДУ

АЙДООЧУЛАРГА АМАНЧЫЛЫК ТИЛЕГЕН ООЗ АЧАР УЮШТУРУЛДУ

 366 Бардыгы /

БИШКЕК. ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Бишкек шаарынын Батыш автобекетинде  өлкөнүн жети дубанына жүргүнчүлөрдү ташыган  таксилердин, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан жана башка эл аралык каттамдарга каттаган автобустардын айдоочуларын  бир түндүккө топтоп, ынтымакка, биримдикке чакырып,  кечки ооз ачар тамагын уюштурушту.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул ифтарлыкка айдоочулар менен биргеликте жүргүнчү мусаапыр жарандар менен жалпысынан 500гө жакын адам чогулуп, мекенчил жарандар жана Бишкек шаарынын казысы катышып,  айдоочуларга  жол эрежелерин эскертүү иретинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ЖКККББгы тарабынан  жол  эрежелерин сактоо боюнча даярдалган атайын буклеттер таратылды.
Көпчүлүк айдоочулар учурдан пайдаланып, ЖКККББнын жетекчисине каттам учурундагы дуушар болгон түйшүктөрдү айтышып, мындай иш чара айдоочулар менен кызматкарлердин ортосундагы мамилени чыңдоого, эл арасында милицияга болгон ишенимди жогорулатууга алып келээрин белгилеп, бул ынтымак ооз ачырууну уюштургандарга  жана колдон алып жардам берген  ыктыярлуу жарандарга терең ыраазычылыгын билдиришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17