Аймак

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ КООМДУК ТРАНСПОРТКО ЭЛЕКТРОНДУК БИЛЕТ УЮШТУРУУ БОЮНЧА СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ КООМДУК ТРАНСПОРТКО ЭЛЕКТРОНДУК БИЛЕТ УЮШТУРУУ БОЮНЧА СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ

 450 Бардыгы /

          Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы калаадагы коомдук транспортко электрондук билеттерди уюштуруу боюнча атайын сынак жарыялады. Бул сынакка катышуу үчүн арыздар ушул жылдын 30-мартынга  чейин гана кабыл алынат.Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, коомдук транспортко электрондук билеттердин сынагына катышуу үчүн арыздар үстүбүздөгү жылдын 30-мартына чейин кабыл алынат. Сынакка байланыштуу суроолор боюнча osh.ogmap.piu@gmail.com электрондук почтага же (+996) 777 355 919 телефон номуруна кайрылышса болот.

          Баса. буга дейре Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырган. Жумушка 60 жашка чейинки, айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы бар адамдар алынат. Сурап-билүү номерлери: +996 500 040 664, +996 553 407 046 жана +996 224 088 585.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17