Аймак

КЫТАЙ — КЫРГЫЗСТАН — ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУН КУРУУ БОЮНЧА БИРГЕЛЕШКЕН ҮЧ ТАРАПТУУ КОМПАНИЯ ТҮЗҮҮ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

КЫТАЙ — КЫРГЫЗСТАН — ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУН КУРУУ БОЮНЧА БИРГЕЛЕШКЕН ҮЧ ТАРАПТУУ КОМПАНИЯ ТҮЗҮҮ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

 438 Бардыгы /

          Бишкек, Пекин жана Ташкент долбоорду жүзөгө ашыруу механизми боюнча бирдиктүү пикирге келди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров China State Railway Group компаниясынын жетекчисинин орун басары Ван Тунцзюн менен жолукканда ачыктады.

          Кытайдын China State Railway Group компаниясынын жетекчисинин орун басары Ван Тунцзюнмамлекеттик Кытай темир жол корпорациялары долбоорду жетектөөгө даяр экендигин билдирди.

          Баса, пландаштырылган темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн гана байланыштырат. Андан кийин Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө дагы жаңы транспорт каттамдарын ачаары күтүлүүдө. Садыр Жапаров Кыргызстан жакынкы бир нече жылда бул автожолду курууга ниеттенип жаткандыгын дагы жашырган жок. 

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17