Аймак

КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАНГА ЖӨНӨТКӨН ГУМЖАРДАМ ТӨРТ ОБЛУСКА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ

КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАНГА ЖӨНӨТКӨН ГУМЖАРДАМ ТӨРТ ОБЛУСКА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ

 369 Бардыгы /

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кыргызстандан Казакстандагы суу ташкынга байланыштуу жөнөтүлгөн гуманитардык жардам төрт облуска бөлүштүрүлдү.

Бишкектен барган “Жардам кербенин” 9-апрелге караган түнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Жардам кайсыл облустарга бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалымат айтыла элек.

Күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөнчү жана чатырлар өңдүү 300 тонна жүк менен 15 фура 6-апрелде жолго чыккан. Андан тышкары 10 куткаруучу да жөнөтүлгөн.

Акыркы күндөрү Казакстанда суу ташкынынан улам 70 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Атырау, Актөбө, Акмоло, Кустанай, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Павлодар облустарында миңдеген турак жай, короолорду суу саптады. Жекшембиде Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганы кабарланган.

Куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги жана Улуттук гвардиянын тик учактары тартылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге телефон чалып, жаратылыш апаатына тынчсызданып турганын айткан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17