Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
190 Бардыгы / Жалал-Абад аймагында 12-апрель күнү бир топ социалдык обьектилер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен ачылуу аземи болуп өттү. Ачылуу аземинин катарын Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу 3, Жалал-Абад шаарына караштуу 1 мектеп уялары, Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын терапия, неврология жана нефрология-гемотология бөлүмдөрү орун алган жаңы имараттын ачылышы жана кургак учукка каршы диспансеринин жаңы […]
191 Бардыгы / Жалал-Абад аймагында 12-апрель күнү бир топ социалдык обьектилер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен ачылуу аземи болуп өттү. Ачылуу аземинин катарын Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу 3, Жалал-Абад шаарына караштуу 1 мектеп уялары, Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын терапия, неврология жана нефрология-гемотология бөлүмдөрү орун алган жаңы имараттын ачылышы жана кургак учукка каршы диспансеринин жаңы […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ИШ САПАРЫ
12.04.2024 / Автор anarkan_kg192 Бардыгы /
Жалал-Абад аймагында 12-апрель күнү бир топ социалдык обьектилер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен ачылуу аземи болуп өттү.
Ачылуу аземинин катарын Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу 3, Жалал-Абад шаарына караштуу 1 мектеп уялары, Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын терапия, неврология жана нефрология-гемотология бөлүмдөрү орун алган жаңы имараттын ачылышы жана кургак учукка каршы диспансеринин жаңы имараты, ошондой эле IT окуу борбору толуктады.
Мамлекет башчы С.Жапаров калкыбыздын саламаттыгына кам көрүү жаатында жакшы саамалык болуп жатканын белгилеп, дартына дабаа издеп келген бейтаптардын ажаатын ачкан акжолтой имарат болсун деп билдирди.
“… Мына Жалал-Абад жергесинде жалпы 105 орундуу клиникалык оорукананы пайдаланууга берип олтурабыз. Эми дартына дабаа издеген бейтаптар бардык шарты бар медициналык мекемеде дарылана башташат. Өмүр сакчылары жайлуу, заманбап имаратта жумуштарын улантышат.
Бул курулушка жумшалган каражат 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү багытына республикалык бюджеттен берилген 2 миллиард сомдун эсебинен жүргүзүлдү. Аталган каражаттын эсебинен шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга жана шаардагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы, заманбап имараты да курулду.
Мындан сырткары медицина тармагында Жалал-Абад шаарындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл аймагындагы аймактык оорукананын имараты, Ак-Коргон айыл аймагындагы түзүмдүк бөлүмүнүн, Базар-Коргон районунун Могол айылындагы оорукананын, Сузак районундагы төрөт үйүнүн, балдар ооруканасынын имараттарынын курулуштары жүрүп жатат. Айрымдары аяктоо алдында турат”,- деп өз сөзүн жыйынтыктады.
Неврология бөлүмү 36 керебетке ылайыкташтырылып курулду. Мында жалпы 20 кызматкер эмгектенсе, анын 8и врачтар. Бейтапкана бардык шарттары менен курулуп мында иштеген врачтарга, айрыкча бейтаптарга жагымдуу маанай тартуулоодо.
“Врачтар болгон билим, тажрыйбабызды колдонуп бейтаптардын ден соолугуна кам көрөбүз. Бизде негизинен оор инсульт алып келген жана басып жүргөн башы ооруган бейтаптардын ден соолугуна кам көрөбүз. Жаңы имаратыбыз менен бирге демөөрчүлөр тарабынан бөлүмүбүзгө реабилитациялык атайын аппараттар алынып берилди. Калыбына келтирүү бөлмөсүн ачтык. Мындан ары баспаган бейтаптардын ден соолугун аппараттардын жардамы менен калыбына келтирүүгө жакшы шарт жаралды. Мындан сырткары биздин бөлүмгө буга чейин мамлекет тарабынан томография келген. Биз келген бейтапты ордунда томографияга түшүрүп, оорунун түрлөрүн аныктап, ошого карап тактика дарылоосун баштайбыз”,- дейт Жалал-Абад облустук клиника борборунун неврология бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Стамкулова.
Терепия бөлүмү мунда эски имаратта жайгашып 30 керебетке ыңгайлаштырылып келсе, учурда жаңы имараттан орун алып 36 керебетке ылайыкташтырылды. Анын 25 керебети эндокринология, гастроэнтрология 11 керебет болот. Аталган бөлүмдө жогорку категориядагы 2 врач бейтаптардын ден соолугун чыңдап келет.
“Бул бөлүмдө заманбап шарттар жаратылып, бардык дарылоо жана дартты аныктоо боюнча шарттар түзүлүп, эмеректер жаңыланды. Биздин клиникалык ооруканада республикалык ооруканада кандай анализдерди жасоо мүмкүнчүлүгү болсо, бизде да ошондой шарттар жаралды. Менин иштегениме 44 жыл болсо, ошончо жылдан бери заманбап бейтапкананы күткөнбүз”,- дейт терапия бөлүмүнүн башчысы жогорку категориядагы врач Турдаалы Аманов.
Ал эми нефрология-гемотология бөлүмүндө буга чейин шарты начар имаратты оңдоп-түздөп, бейтаптардын ден соолугуна кам көрүп келишсе, минтип жаңы имараттан орун алды.
“Бизге бул имараттын биздин бөлүмгө чоң артыкчылыгы бул негизи гемодиализ аппараттарынын келиши болду. Бейтаптын бөйрөгү толук кандуу иштей албай калганда гемодиализ аппараты менен гана иштеп калат. Мурда аппараттын жоктугунан бейтаптарды жеке менчик ооруканалардан гемодиализ алууга жөнөтчүбүз. Эми минтип бизге акыркы үлгүдөгү 4 гемодиализ аппараты берилди. Атайын диализ залын ачтык. Эң чоң сыймыгыбыз ушул. Курч болгон бөйрөк өнөкөт оорусуна чалдыккан бейтаптарга тез жардамды өзүбүздүн бөлүмдө өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө жеттик.
“Биздин бөлүм 30 керебетке ылайыкташтырылды. Мында нефрология (бөйрөк), гематология (кан) жана токсикология (ууланууга туш болуу) ооруларына чалдыккан бейтаптар дарыланат. Бул оорулар өнөкөт болгондуктан биздин бейтаптар 6 айда бир катардагы дарылануу курсун алып турушат. Мында 5 врач эмгектенет. Бөйрөк ооруларына чалдыгып диализ алган бейтаптардын саны Жалал-Абад облусунда 600гө чукул”,- дейт нефрология-гемотология бөлүмүнүн башчысы врач Эленова Бапиева.
Нургул Абдылдаева, Аймак”
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ДУБАЛДЫ БУЗДУ
-
05.06.2023 / Автор anarkan_kg ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ – КЫЗЫГУУ ЖАНА ЧЫН ЖҮРӨКТӨН БЕРИЛҮҮДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.