Өлкө аймактары менен кубаттуу
ӨРТ КЫРСЫГЫ БИР ҮЙДҮ ЖАЛМАДЫ
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
463 Бардыгы / Кыргызстанда башталып жаткан кулинардык майрамга даярданыӊыз! Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын тармактык тамактануу институту менен биргеликте Кыргызстандагы мектептердин ашпозчулары үчүн жыл сайын өтүүчү үчүнчү конкурсту жарыялайт. Конкурс – жөн гана таймашуу эмес, таланттуу ашпозчулар үчүн өз өнөрлөрүн көрсөтүп, жаңы идеялардан шыктануу менен мектеп тамак-ашын дагы […]
464 Бардыгы / Кыргызстанда башталып жаткан кулинардык майрамга даярданыӊыз! Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын тармактык тамактануу институту менен биргеликте Кыргызстандагы мектептердин ашпозчулары үчүн жыл сайын өтүүчү үчүнчү конкурсту жарыялайт. Конкурс – жөн гана таймашуу эмес, таланттуу ашпозчулар үчүн өз өнөрлөрүн көрсөтүп, жаңы идеялардан шыктануу менен мектеп тамак-ашын дагы […]
КЫРГЫЗСТАНДА 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ ТАНДАЛАТ
12.04.2024 / Автор anarkan_kg465 Бардыгы /
Кыргызстанда башталып жаткан кулинардык майрамга даярданыӊыз! Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын тармактык тамактануу институту менен биргеликте Кыргызстандагы мектептердин ашпозчулары үчүн жыл сайын өтүүчү үчүнчү конкурсту жарыялайт.
Конкурс – жөн гана таймашуу эмес, таланттуу ашпозчулар үчүн өз өнөрлөрүн көрсөтүп, жаңы идеялардан шыктануу менен мектеп тамак-ашын дагы даамдуу жана пайдалуураак кылуу мүмкүнчүлүгү.
Конкурстун максаты – мектеп ашпозчуларын кесипкөйлүккө үндөө, ошондой эле мектептеги тамак-аштын балдардын ден соолугу үчүн өтө маанилүү экендигин өлкөнүн жалпы калкына жеткирүү. Конкурска катышуу менен мектеп ашпозчулары өздөрүнүн фантазиясын көрсөтүп, кичинекей мектеп окуучулары үчүн тамак даярдоодогу кулинардык жаӊычыл идеяларды сунушташы керек. Үч жылдан бери өткөрүлүп жаткан конкурс мектеп ашпозчулары өздөрүнүн сырлары менен бөлүшүп, келечектеги иштерине пайдалуу болгон жаңы байланыштарды түзүүчү аянтчага айланганын белгилеп кетмекчибиз.
Быйыл конкурс жаңы форматта өтүүдө: өткөн жылдардын жеңүүчүлөрү биринчи жолу конкурстун бардык этаптарында тажрыйба жана идеяларды алмашууга даяр болгон калыстар тобунун мүчөсү болушат.
Конкурс үч этап менен өткөрүлөт.
Каттоо: катышуу үчүн арыздар 2024-жылдын 8-апрелинен 25-майына чейин кабыл алынат.
Катталган катышуучулар кийинки этапка – тандоо туруна чакырылат, анын өтүүчү күнү жана убактысы кошумча жарыяланат.
Тандоо туру жети аймактын ар бириндеги мектеп ашканаларында өтөт. Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы мектеп тамак-аштарынын рецепттери китебинен тамактарды даярдашат. Ар бир облустан уткан жеңүүчүлөр финалга чыгат.
Конкурстын финалы 2024-жылдын ноябрь айында өтөт. Катышуучулар эки этаптан өтүшү керек: үй тапшырмасы – ысык мектеп тамагы үчүн өзүнүн уникалдуу рецептин ойлоп табуу. Кулинардык жеке таймашта финалисттер сунушталган ингредиенттерден салат жана суусундуктарды 20 мүнөттүн ичинде даярдап жетишүүсү керек.
Бардык конкурстук сыноолордун жыйынтыгынын негизинде жеңүүчү – 2024-жылдын эң мыкты мектеп ашпозчусу аныкталат.
Бул жыл мектеп тамактары дүйнөсүндөгү даамдуу сюрприздерге жана кулинардык жетишкендиктерге толот! 2024-жылдын эң мыкты мектеп ашпозчусу ким болоруна күбө болуу үчүн ага катышыңыз жана жаӊылыктардан кабардар болуңуз!
Конкурстун шарттары менен https://clck.ru/39zUzQ шилтемеси аркылуу тааныша аласыз.
Маалымат үчүн
“Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагы биринчи жолу 2019-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн. Катышуучулардан жана коомчулуктан көптөгөн оң баа алган бул конкурс жыл сайын өтүүчү салтка айланып, Кыргызстандын бардык аймактарынан мыкты мектеп ашпозчуларынын башын бириктирет. Бул иш-чара БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк «Мектеп тамактануусун оптималдаштыруу» программасын ишке ашырууда маанилүү кадам болуп, өлкө боюнча 888 мектептеги башталгыч мектеп курагындагы 250 000ден ашык баланы камтыды. Мектеп ашпозчулары мектеп тамактануусун жакшыртууга олуттуу салым кошуп, коопсуз жана даамдуу мектеп тамактарын даярдоо боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Басма сөз үчүн байланыш:
Гульнур Чолпонбаева, тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкери – 0550 940416
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЧАТКАЛДА “ЫР КЕСЕ” МАЙРАМЫ ТАРТУУЛАНДЫ
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ ЭТ ЖАНА КАРТОШКАГА БОЛГОН БААЛАР КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
16.02.2024 / Автор anarkan_kg ОШ – РАЗЗАКОВ АВТОУНАА ЖОЛУНУН ЖЭЭГИНДЕ 89 МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШ АНЫКТАЛДЫ
-
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.