Аймак

КАРА-СУУДА МИЛИЦИЯНЫН КООМДУК АЛДЫН АЛУУ БОРБОРУ ИШКЕ КИРДИ

КАРА-СУУДА МИЛИЦИЯНЫН КООМДУК АЛДЫН АЛУУ БОРБОРУ ИШКЕ КИРДИ

 474 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районун Манас айыл өкмөтүндө «Манас» коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган иш-чарага Ички иштер министрлигининЭл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык маңзат аткезчилигине каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча бюросунун программалык менеджери Ийи Микйанг, «Эл аралык толерантуулук үчүн» уюмунун Баткендеги кеңсесинин директору Роберт Абазбеков жана «Сейферуорлд» уюмунун Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Гулмира Төрөкулова катышышты. Бул иш-чаранын жүрүшүндө коомдук алдын алуу борборунун ачылышына салым кошкон жергиликтүү жана чет мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнө Ички иштер министрлигинин «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» аталыштагы медалдары жана Ардак грамоталары тапшырылды.

Эске салчу жагдай: «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы — бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, коомчулуктун, коомдук уюмдардын жана башка мекемелердин күч-аракетин жергиликтүү деңгээлде кылмыштуулуктун алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүү үчүн бириктирүү максатын койгон. Эми аталган имаратта милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, аксакалдар соту, аялдар Кеңеши жана жаштар комитети укук бузуулардын алдын алуу боюнча чогуу-чараан6 иш алып барышмакчы.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17