Аймак

“АГРОДИАЛОГ 2024″ ДЫЙКАН ФЕРМЕРЛЕРГЕ ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

“АГРОДИАЛОГ 2024″ ДЫЙКАН ФЕРМЕРЛЕРГЕ ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

 348 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Тогуз-Торо районунда “Агродиалог 2024″ дыйкан фермерлер окутуу өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл-чарбасы жана кайра иштеттүү өнөр-жай министрлигинин өкүлдөрү, райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тойгонбай Молдобаев, кызматкерлер жана тургундар катышты.

Форумда айыл-чарба чөйрөсүндө иш алып барып жаткан алдыңкы ишкерлер менен таанышып, пикир алышууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга, ошондой эле өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Катышуучулар жерди азыктандыруу, туура пайдалануу жана бирдиктүү айыл чарба продукцияларын чыгаруу боюнча суроолоруна жоопторду алышты.

Спикерлер агроөнөржай комплексин кредиттөө, айыл-чарба техникаларынын, асыл тукум мал лизинг шартында берилүүчү насыялар боюнча маалымат берилди.

Окутуунун 2-күнүндө жазгы айыл чарба техникаларын агротехникалык эрежеге ылайык пайдалануу , жерди үрөн себүүгө даярдоо жана топуракты күрдүүлүлүгүн анализдөө боюнча көндүмдөр көрсөтүлдү жана жер айдоодо старт берилди.

Элиза Акжолтоева, Тогуз-Торо району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17