Аймак

НООКАТ РИИБдин ТЕРГӨӨЧҮСҮ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

НООКАТ РИИБдин ТЕРГӨӨЧҮСҮ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 924 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБсынын) тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

          Анткени, маалыматка караганда, Ноокат РИИБсынын кызматкери, милициянын капитаны К. Х. Т. Бейбаштыгы үчүн козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн жарандан 100 миң сом талап кылган экен. Ошол эле учурда жабырлануучу ага карата айыптоодон баш тарткан арыз жазган.

          Ошого карабастан, УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Нооокат РИИБ имаратында аталган РИИБнын тергөөчүсү, милициянын капитаны К. Х. Т. ны пара алып жатканда акыры колго түшүрүштү. Ага берилген акчанын 40 миң сому кармалган шектүүнүн автоунаасынын кыймылдаткыч жактагы бөлүгүнөн чүпүрөккө оролгон таризде табылып олтурат.

          Ошентип, шектүүгө карата Кылмыш-Жаза Кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (“Опузалап пара талап кылуу”) менен кылмыш иш козголуп, ал өзү дагы Ош шаардык сотунун чечими менен 2024-жылдын 27-майына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ушул тапта кылмыш ишинин алкагында тергөө абдан кызуу улантылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17