Аймак

ӨЗГӨН ШААРЫНДА СТАДИОНГО ЖАНА СЕЙИЛ БАККА ЧАЙКАНАЛАР МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН

ӨЗГӨН ШААРЫНДА СТАДИОНГО ЖАНА СЕЙИЛ БАККА ЧАЙКАНАЛАР МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН

 534 Бардыгы /

          Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы Н. Азнабкиев атындагы сейил багынын жана дагы борбордук стадионунун ичиндеги жер тилкелери чайкана куруу үчүн мыйзамсыз берилген. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

          Маалыматттка караганда, атайын тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө 2003-2005-жылдарда Өзгөн шаарындагы Н. Азнабкиев атындагы сейил багына жана борбордук стадионго тиешелүү жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз энчиленген экен. Бул аянттарга анын кожоюндары эки чайкананы өзүм билемдик менен куруп дагы алышкан. Эки обьектинин азыркы баасы 42 миллион  407 миң сомду чапчып олтурат.

          Ошентип, УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, аталган чайкана ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, бул обьектилерди мамлекеттин балансына өз эрки менен өткөрүү жагы чечилди. Ошондуктан, чайкана ээлери эми мамлекетке келтирилген чыгымды төлөшпөйт. Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17