Аймак

БАТКЕНДЕ ӨРҮКТӨН МАЙ ЧЫГАРГАН ЧАКАН ЦЕХТЕР АЧЫЛАТ

БАТКЕНДЕ ӨРҮКТӨН МАЙ ЧЫГАРГАН ЧАКАН ЦЕХТЕР АЧЫЛАТ

 168 Бардыгы /

        Баткен жергесинде өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты. Аталган ведомстводон билдиришкендей, ушул тапта Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүү максатында дыйкан-фермерлердин жана багбандардын кирешесин көтөрүүгө багытталган кайра иштетүүчү чакан өндүрүштөрдү куруу абдан кызуу колго алынууда.

Бул өңүттө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкан-фермерлердин байланышын бекемдөө, агрокластерди өнүктүрүү, дыйкандарга жана чакан ишканаларга ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдуулардын иштөөсүн жайылтуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жаткан чагы. Аталган министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурган көргөзмө-семинарда өрүктү кайра иштетүүдө винттүү май пресс машинасы, конвекциялык кургатуучу шкаф, электрондук гигрометр, өрүктүн данегин өлчөөчү машина, өрүктүн данегин майдалоо үчүн машинасы, өсүмдүк майын тазалоо үчүн алкак чыпкасы көрсөтүлдү. Бул жабдуулардын орточо баасы 2-3 миң долларга барабар. Май чыгаруучу жабдуу, суткасына ысык басуу ыкмасы менен 2-2,5 тонна, ал эми муздак басуу ыкмасы менен 1,3 тонна май өндүрүлөт.

  • Ошентип, аталган долбоордун негизинде жергиликтүү

багбан-фермерлерге өрүктү отургузуу, өстүрүү, кам көрүү боюнча атайын окуулар өткөрүлүп, өндүргөн продукцияларын кайра иштетип кирешеге чыгуу үчүн чакан цехтерди ачууга жол көрсөтүлөт, – деди айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев.

Ошентип, эң негизги максат – Баткенде өрүктү кайра иштетип, кургатып, как кылып жана дагы май чыгарган ишкана ачуу. Мындай кадам аркылуу жергиликтүү калктын кирешелерин ого бетер көтөрүп, азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-аштын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, сапатын дагы арттырууга болот. Натыйжада кымбат баадагы экологиялык жактан таза өрүктүн өндүрүлгөн продукциясынын көлөмүн көбөйтүп, экспортко чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17