Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
277 Бардыгы / БИШКЕК. Бишкекте 7-майда Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак үчүн атайын техникаларды өткөрүп берүү боюнча расмий салтанат болду. Бул жолу жалпы суммасы 1 620 700 сомду түзгөн 39 бирдик атайын техника берилди. Мотоблоктор, автономдук суу менен камсыздоо станциялары, муздак туман генераторлору, өсүмдүктөрдү кыюу жана түптөө үчүн аспап-шаймандар жана башкалар Snow Leopard Run 2023 жарым марафонунун катышуучуларынын мүчөлүк […]
278 Бардыгы / БИШКЕК. Бишкекте 7-майда Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак үчүн атайын техникаларды өткөрүп берүү боюнча расмий салтанат болду. Бул жолу жалпы суммасы 1 620 700 сомду түзгөн 39 бирдик атайын техника берилди. Мотоблоктор, автономдук суу менен камсыздоо станциялары, муздак туман генераторлору, өсүмдүктөрдү кыюу жана түптөө үчүн аспап-шаймандар жана башкалар Snow Leopard Run 2023 жарым марафонунун катышуучуларынын мүчөлүк […]
ГАРЕЕВ АТЫНДАГЫ БОТАНИКАЛЫК БАККА 1,6 МЛН. СОМДУК АТАЙЫН ТЕХНИКА БЕРИЛДИ
08.05.2024 / Автор anarkan_kg

279 Бардыгы /
БИШКЕК. Бишкекте 7-майда Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак үчүн атайын техникаларды өткөрүп берүү боюнча расмий салтанат болду.
Бул жолу жалпы суммасы 1 620 700 сомду түзгөн 39 бирдик атайын техника берилди. Мотоблоктор, автономдук суу менен камсыздоо станциялары, муздак туман генераторлору, өсүмдүктөрдү кыюу жана түптөө үчүн аспап-шаймандар жана башкалар Snow Leopard Run 2023 жарым марафонунун катышуучуларынын мүчөлүк акысынан топтолгон, о.э. «Башта» басылмасы жарыялаган акча топтоо иш-чаралары аркылуу жыйналган каражаттын эсебинен алынган.
«Жыл сайын кирүү акысынын түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулук максаттарга багытталат. Былтыр биз жарыштын катышуучуларынан чогулган сумманы кайда жумшагысы келерин сурап билүүнү чечтик. Биз «Башта» басылмасы Ботаникалык бакты колдоо үчүн каражат топтоп жатканы жөнүндө билдирүүлөрдүн биринен билдик. Алар шаар калкы сүйгөн жайдын сугат көйгөйүн чечүүгө жардамдашуу үчүн суу ташуучу унаа же трактор сатып бермекчи болушкан экен. Бирок чогулган каражат жеткен эмес жана биз ошол маанилүү демилгени колдоону чечтик. Жолугушууда Ботаникалык бактын жетекчилиги трактордун ордуна күндөлүк маанилүү жумуштардын чоң бөлүгүн аткарууга арналган жабдууларды сатып берүүнү суранды», – деп Nomad Sport Арслан компаниясынын башкы директору Арслан Малдыбаев айтып берди.
Анын айтымында, өткөн жылы кайрымдуулук жарым марафонуна 4 500 киши катышты. Мындай активдүүлүктүн жардамы аркылуу 1 миллион 112 миң сом чогултууга мүмкүн болду, дагы 500 миң 700 сом «Башта» басылмасынын акциясынын алкагында жыйналган.
«Ушундай маанилүү акциясы үчүн уюштуруучуларга ыраазылык билдиргим келет. Биздин көйгөйлөргө көңүл бурушканы үчүн бул иш-чарага абдан кубандык. Шаардыктар да колдон келген жардамын берип келди, тырмоо, күрөк, кол кап, таштанды баштыктарын алып беришти. Мындай көлөмдөгү техника Ботаникалык бакка биринчи жолу берилип жатат. Биз аны абдан күткөнбүз. Ушунун баары алынганын укканда биздин кызматкерлер абдан сүйүнүштү. Эми эскиче кол менен иштебей калышат. Заманбап техниканын жардамы менен механизациялашкан айдоо, сугаруу, отоо, бутоо иштерин аткарууга болот. Бул абдан чоң салым», – деди Ботаникалык бактын директору Иван Хегай.
Белгилей кетсек, Ботаникалык бак шаардыктар эс алган жай жана илимий изилдөөлөр жана билим берүү иш-чараларынын борбору болуп саналат. Ал «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамы жана илимий институт макамы менен корголгон. Анын коллекциясында 6,5 миң ар түрдүү бак-дарак, бадал, кооздук гүлдөрү, дары өсүмдүктөр, мөмө жемиш дарактары камтылган. Бул Борбордук Азиядагы эң чоң ботаникалык бак.
Маалымкат үчүн: Nomad Sport уюштурган Snow Leopard Run иш-чарасы Кыргызстандын спорттук турмушундагы маанилүү окуя болуп калды. Жыл сайын жөө жарыш Бишкектин борбордук көчөлөрү боюнча өтөт. Ага спортчулар жана бүткүл республикадан жана чет өлкөдөн келген чуркоону сүйүүчүлөр катышат.
Айта кетсек, 2019-жылы биринчи жарым марафонго 3800 спортчу катышкан. Чогулган каражаттын олуттуу бөлүгү Илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программа үчүн 32 фото капкан сатып алууга багытталган. 2021-жылы чуркоого 3200 киши катышкан, анда топтолгон каражат, тоолуу жерлерде мобилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын егерлерине «Нива» жаңы автоунаасын сатып алууга жумшалган. Ал эми 2022-жылы жарым марафон 4 миңден ашык катышуучу топтогон. Анда Nomad Sport, «Тойбосс» ТМ менен бирге Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго бишкектиктер үчүн 3,5 млн сомдон ашык суммага воркаут-аянтча куруп берген.
Команда Бюро коммуникаций ТАГС
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
13.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ИЮНЬ КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ
-
25.06.2024 / Автор anarkan_kg КАРАКЧЫЛЫК КЫЛМЫШ ИШИ МЕНЕН АЙЫПТАЛГАН ЖАРАН ПОЛЬШАДАН АЛЫНЫП КЕЛИНДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.