Аймак

АКСЫДА УЛУУ ЖЕҢИШТИН 79 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

АКСЫДА УЛУУ ЖЕҢИШТИН 79 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 366 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Улуу Ата Мекендик согушка катышып өмүрүн эл, жер үчүн өз өмүрүн арнаган эр азаматтарды жалпы элдин катышуусунда эскерүү аземи болду. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан маалымдалды.

Кербен шаарындагы Токтогул атындагы паркында согуштун катышуучуларына арналып тургузулган эстеликтин алдында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 79 жылдыгына арналган иш-чарасына Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков баштаган район жетекчилери, Кербен шаардык мэриясы, аксакалдар менен келишип гүл чамбарларды жана гүлдөрдү коюшту.

Көзү өтүп кеткен ыйык аталарыбызды, апаларды эскерип Куран окулду. Эскерүү митингисинде Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Кербен шаарынын вице- мэри Эдилбек Артыкбаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков, Аксы райондук аскер комиссариатынын комиссары М. Саркаров сөз сүйлөп баатыр аталардын басып өткөн жолун эскерип айтышып, элибизге ынтымак,тынччылык, гүлдөп өсүүнү каалашты.

Иш-чара райондук маданият үйүнүн концерттик программасы менен коштолуп, жагымдуу маанай тартууланды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17