Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
301 Бардыгы / Пакистан Кыргызстанда окуп жаткан студенттеринин арасынан дагы 540 кишини мекенине алып кетип жатканын 19-майда Лахор шаарында өткөн пресс-конференцияда өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар билдирди. Dawn басылмасынын маалыматына караганда, министр үч атайын коммерциялык каттам уюштурулганын айтты: «Кечээ коммерциялык рейс менен 130дай студент Пакистанга кайтып келди. Ошентип, бүгүн үч коммерциялык, атайын каттам […]
302 Бардыгы / Пакистан Кыргызстанда окуп жаткан студенттеринин арасынан дагы 540 кишини мекенине алып кетип жатканын 19-майда Лахор шаарында өткөн пресс-конференцияда өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар билдирди. Dawn басылмасынын маалыматына караганда, министр үч атайын коммерциялык каттам уюштурулганын айтты: «Кечээ коммерциялык рейс менен 130дай студент Пакистанга кайтып келди. Ошентип, бүгүн үч коммерциялык, атайын каттам […]
ПАКИСТАН КЫРГЫЗСТАНДАН ДАГЫ 540 СТУДЕНТИН АЛЫП КЕТҮҮ ҮЧҮН АТАЙЫН КАТТАМ УЮШТУРУУДА
20.05.2024 / Автор anarkan_kg303 Бардыгы /
Пакистан Кыргызстанда окуп жаткан студенттеринин арасынан дагы 540 кишини мекенине алып кетип жатканын 19-майда Лахор шаарында өткөн пресс-конференцияда өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар билдирди.
Dawn басылмасынын маалыматына караганда, министр үч атайын коммерциялык каттам уюштурулганын айтты:
«Кечээ коммерциялык рейс менен 130дай студент Пакистанга кайтып келди. Ошентип, бүгүн үч коммерциялык, атайын каттам уюштурулду. Натыйжада 540 студент кайтып келе алат, жалпысынан бул сан 670 киши болот».
Мохаммад Исхак Дар Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Бишкекте Пакистандын жарандарына байланыштуу болгон окуяны талкуулаганын 19-майда Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси билдирген.
17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.
Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгонун, чет элдиктер жашаган жатаканага кирип барып күч колдонгон төрт жергиликтүү тургун аныкталганын, алардын экөө жана чет өлкөлүк төрт жаран да кармалганын маалымдаган.
Кыргыз өкмөтү 18-майга караган түнү Бишкекте болгон башаламандыкта жалпысынан 29 киши жабыркаганын, алардын 15и ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.
Соңку расмий маалыматка караганда, жараат алган чет элдик жарандардын үчөө ооруканада, алардын абалы туруктуу.
Былтыркы жылдын соңундагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алууда – бул өлкөдөгү бардык студенттердин 35%.
Чет элдик студенттердин 61% индиялыктар, 32% пакистандыктар.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТТА БАЛДАР ЧОПОДОН ЖАСАЛГАН МЕКТЕПТЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК КУРУЛАТ
-
-
11.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна 40 РАЙОН – 40 КИТЕП” АТАЛЫШЫНДА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНДЫ
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТТА БАЛДАР ЧОПОДОН ЖАСАЛГАН МЕКТЕПТЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ
-
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.