Аймак

НАМАНГАН ОБЛУСУНДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ГҮЛДӨР ФЕСТИВАЛЫНА ЖАЛАЛ-АБАДДАН ӨКҮЛДӨР БАРЫШТЫ

НАМАНГАН ОБЛУСУНДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ГҮЛДӨР ФЕСТИВАЛЫНА ЖАЛАЛ-АБАДДАН ӨКҮЛДӨР БАРЫШТЫ

 354 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков 19-май күнү, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунда өткөн 63 – Эл аралык гүлдөр фестивалынын ачылыш аземине катышты.

Гүлдөр фестивалына ошондой эле бир катар район-шаарлардын башчылары жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери да барды.

Анда облус башчысынын орун басары Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаков менен жолугушуп, эл аралык гүлдөр фестивалынын ачылыш аземи менен куттуктады.

Фестивалдын расмий ачылуу аземине 40дан ашуун өлкөлөрдөн келген гүл сүйүүчүлөр катышты. Мында 200дөн ашуун гүл менен кооздолгон автоунаалар парады өтүп, Наманган шаары, “Захириддин Мухаммад Бабур” жана “Афсона” бактарына 45 млн түп гүл көчөттөрүнүн түрлөрү эгилип, кооздолгон. Салтанат концерт программа, оюн-зоок жана жарманкелер менен коштолду. Намангандагы гүлдөр фестивалы 19-майдан, 23-июнга чейин уланмакчы.

Белгилей кесек, буга чейин эки өлкө башчыларынын катышуусу менен Жалал-Абад жана Наманган облустарынын ортосунда кызматташууну бекемдөө жана андан ары тереңдетүү багытындагы “Жол картасы” түзүлгөн. Ага соода-экономикалык, социалдык, билим берүү жана маданият тармактарын өз ара өнүктүрүү пункуттары камтылган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17