Аймак

КАРА-СУУДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ 12 БАЛА БАКЧА ИШТЕП ЖАТАТ

КАРА-СУУДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ 12 БАЛА БАКЧА ИШТЕП ЖАТАТ

 357 Бардыгы /

«Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча ишке киришти. Аталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу аркасында жүзөгө ашырылууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин  маалыматына караганда, бала бакчалар райондун Жоош, Савай, Ала-Тоо, Манас, Ынтымак, Датка айыл аймактарында жайгашып, жалпы 42 тайпа ачылды. Мында эми 3-5 жаштагы 1600гө жакын бала билим ала алышат. «Келечек үчүн билим берүү» долбоору бакчаларга бардык шартты жаратты. Мунун алкагында Кара-Суу району боюнча жалпы жонунан кыска мөөнөттүү 37 бала бакча түзүлөт. Ушул жылдын 30-майында дагы 11 бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Калган обьекттер жыл аягына чейин толук кандуу бүткөрүлмөкчү.

Баса, «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» Улуттук долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана дагы 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Булар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылмакчы.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат. Аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү жагы каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат. Эскерте кетээрибиз: 2016-2018-жылдары Билим берүү жана илим министрлиги өлкөбүз боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан. Булар ушул тапта ийгиликтүү гана иштеп келатат.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17