Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА АСКЕР-ДЕҢИЗ ФЛОТУНУН АРДАГЕРЛЕРИНИН ФИЛИАЛЫ ТҮЗҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА АСКЕР-ДЕҢИЗ ФЛОТУНУН АРДАГЕРЛЕРИНИН ФИЛИАЛЫ ТҮЗҮЛДҮ

 321 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Иш-чараны уюштурууга ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты жакындан колдоо көрсөткөн. Ага “СССРдин Аскер-деңиз флотунун кыргызстандык аскер моряктары” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, Жалал-Абад облусундагы аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн ардагерлер жана алардын жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Оштогу Орус үйүнүн башчысы Дмитрий Аврам катышты.

Жыйында Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн ардагерлердин ошол мезгилдеги эрдиги, эл-жерди коргоого кошкон салымы белгиленип, алкоолор айтылды. Мындан ары облуста жаңыдан түзүлгөн ардагерлер филиалынын ишин өнүктүрүү, аларга керектүү болгон ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөөрү кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 1991-жылга чейин кыргызстандык жоокерлер согуштук кемелерде, суу астындагы атомдук жана дизелдик катерлерде, Балтика, Тынч океан, Түндүк жана Кара деңиз флотторунун деңиз флотунда кызмат өтөгөн. Аскер-деңиз флотунун күнү жыл сайын июлдун акыркы жекшембисинде белгиленет.

Жалал-Абад облусунан Аскер-деңиз флотунда 1,5 миңден ашуун жоокер кызмат өтөгөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17