Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ЖЕРГЕСИНДЕ САЛАМАТТЫК САКТОО ТАРМАГЫН ЖАКШЫРТУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

ЖАЛАЛ-АБАД ЖЕРГЕСИНДЕ САЛАМАТТЫК САКТОО ТАРМАГЫН ЖАКШЫРТУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

 645 Бардыгы /

ЮНИСЕФ Жалал-Абад облусунда саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга көмөктөшөт. Бул туурасында Президенттин Жалал-Абад облусундагы Өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жетекчиси Самман Жунг Тапа менен жолугушуусунда айтылды.

Президенттин Жалал-Аьад облусундагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууда тараптар буга дейре Жалал-Абад облусу менен ЮНИСЕФтин ортосунда жүзөгө ашырылып келген долбоорлор жана алдыдагы пландары туурасында ачык пикир алмашышты. Анда маалым болгондой, уюм 2024-жылы облустун айыл-аймактарындагы калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн телемедицина долбоорун ишке ашырууну көздөөдө. Бул демилге алыскы аймактардагы бейтаптардын маалыматын жогорулатып, аралыктан амбулатордук дарылануусуна шарт түзүлөт.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жетекчиси Самман Жунг Тапа Жалал-Абад облусу буга дейре дагы социалдык чөйрөнүн, мунун ичинен балдарга арналган долбоорлорду ишке ашырууга жакындан көмөк көрсөтүп келе жаткандыгын баса белгиледи. Ал эми облус башчысы Абсаттар Сыргабаев ЮНИСЕФтин натыйжалуу кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда пландалган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17