Аймак

АКШнын БИШКЕКТЕГИ ЭЛЧИЛИГИ КОНСУЛДУК КЫЗМАТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ КАТТАЛУУ СИСТЕМАСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

АКШнын БИШКЕКТЕГИ ЭЛЧИЛИГИ КОНСУЛДУК КЫЗМАТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ КАТТАЛУУ СИСТЕМАСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

 345 Бардыгы /

АКШнын Бишкек шаарындагы Элчилиги АКШ жарандары үчүн виза тартибин түзүү жана маалымат кызматтары боюнча бир катар жакшыртылгандыгын чоң канаттануу кубануу менен билдирет. Мындай өркүндөтүүлөр иммигранттык жана иммиграциялык эмес виза алуу үчүн арыз берүү тартибин ого бетер жеңилдетет. Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып күчүнө кирген бул жапжаңы катталуу системасы ар кандай жолугушууларды пландаштырууну, жыйымдарды төлөөнү жана суроолор боюнча жардам алуу түйшүгүн дагы кыйла жеңилдетет.

Ошентип, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жаңы коопсуз жана колдонууга оңой веб-сайтты ишке киргизди. Анда иммигрант эмес жана иммиграциялык визага кайрылган адамдар визаны үзгүлтүксүз жолугушууларды пландаштырып, тездетилген шашылыш жолугушууларды сурай алышат жана чогуу-чараан саякаттаган топтор үчүн жолугушууларды дагы пландаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары эми талапкерлер виза үчүн төлөмдөрдү төлөө үчүн ыңгайлуураак мүмкүнчүлүктөргө жаралат. Алар Кыргыз Республикасы боюнча Компаньон Банкынын каалаган филиалына келип, Кыргыз сому менен төлөй алышат, же ошол эле жаңы веб-сайт аркылуу АКШ доллары менен онлайн дагы төлөй алышат.

Ал эми АКШ жарандары жана виза тапшыруучулар жаңы колл-борбордон дагы кызматтарды алышат. Бул иммигранттык эмес жана иммиграциялык виза кызматтары жана АКШ жарандары үчүн шашылыш эмес маселелер боюнча англис, кыргыз жана орус тилдеринде Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин жооп бере алат. Байланыш борборуна электрондук почта, же телефон аркылуу кайрылса дагы болот.

АКШ жарандары ошондой эле Кыргыз Республикасына саякаттап жүрүшкөн, же анда жашагандар үчүн учурдагы көрсөтмөлөрдү камтыган жаңыланган веб-сайттан пайдалана алышат. Жаңы сайт паспорт кызматтары, атайын консулдук кызматтар жана Кыргыз Республикасына саякатчылар үчүн жалпы жетекчилик боюнча көп берилүүчү суроолорго жоопторду ичине камтыйт.

  • АКШнын Бишкектеги Элчилигинин жамааты Кыргызстандын

коомчулугуна жана чет өлкөдөгү АКШ жарандарына натыйжалуу жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүүгө умтулат, – деди вазийпа башчысынын орун басары Лиз Зентос. – Ушундай  жакшыртуулар арыз берүү жараянын ого бетер жеңилдетет жана талапкерлердин биздин элчилик менен иштешүүсүн ого бетер жеңилдетет.

Кыскасы, төмөндө талапкерлер бул жаңы жана жакшыртылган виза кызматтарына кире алышат:

  • Иммигрант эмес-иммигранттык виза кызматтары үчүн вебсайт: https://ais.usvisa-info.com/en-us/countries_list/niv
  • Иммигранттык эмес жана иммиграциялык виза суроо үчүн электрондук почта даректери: Kyrgyzstan.Visas@gdit-gss.com
  • Байланыш борборунун номерлери:
  • Жергиликтүү номер: +996 312 963108
  • Америка Кошмо Штаттарынан чалгандар: +1 703 249 4606

Баса, АКШ жарандары жаңыртылган маалыматты бул жерден таба алышат:

  • АКШ жарандарынын кызматтары жөнүндө маалымат үчүн веб-сайт: https://usacs-cert.com/en-kg/
  • Шашылыш эмес суроолор үчүн электрондук почта дареги: Kyrgyzstan.ACS@gdit-gss.com
  • Шашылыш эмес суроолор үчүн Call-борбордун номерлери:
  • Жергиликтүү номер: +996 312 963108
  • Америка Кошмо Штаттарынан чалгандар: +1 703 249 4606

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17