Аймак

КАРА-СУУДА КАРАЛБАЙ КАЛГАН 15 ГЕКТАРДАН АШУУН ЖЕРГЕ СОЦОБЬЕКТИЛЕР КУРУЛАТ

КАРА-СУУДА КАРАЛБАЙ КАЛГАН 15 ГЕКТАРДАН АШУУН ЖЕРГЕ СОЦОБЬЕКТИЛЕР КУРУЛАТ

 285 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларына ылайык, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылына баш бакты. Атайын кызматтан билдиришкендей, мындагы 11 гектар жер Совет доорунда курулушчулардын лагери болуп, кийин таптакыр каралбай калган.

Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге каралбай калган жерди барып көрүп, алгач мамлекетке толугу менен кайтарып, андан кийин гана жергиликтүүлөргө зарыл болгон социалдык обьеткилерди куруу иштерин жүргүзүүнү катуу тапшырды. УКМК төрагасы ошондой эле бул жер тилкесинен тышкары аталган аймакта ушул эле курулушчуларга караштуу 4 гектардан ашуун аянтты ээлеп, гаражга айланган аянтты дагы толук бойдон мамлекетке кайтарып, ал жерге дагы айылдыктар үчүн зарыл болгон обьектилерди курууну пландоо иштерин милдеттендирди. Ал ошондой элен мында айылдыктар үчүн заманбап мектеп, спорткомплексин, стадион, эс алуу багы жана башка обьектилерди куруу зарыл экендигин баса белгилеп, муну үчүн тийиштүү планды жана дагы долбоорлорду даярдоону Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевге милдеттендирди.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эки ай убакыт берип, андан соң курулуш иштерин баштоо аракеттери колго алынышы керектигин катуу эскертти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17