Аймак

ТИЛЕМЧИЛЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ 22000 СОМ АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ

ТИЛЕМЧИЛЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ 22000 СОМ АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ

 285 Бардыгы /

Ош облусунун Кара-Суу районундагы аймактык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси аркасында “Тилемчи” аталышындагы атайын рейд өткөрүлдү. Бул маанилүү иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү, социалдык жактан коргоо кызматынын, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо мекемелеринин, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

        Рейд маалында тилемчилик кылышкан окуучулар аныкталып, булардын өздүгү дагы такташтырылып, буларды жосунсуз жоруктарга тарткан жагдайларды жоюу жаатында пландар мерчемделди. Мындай фактылар акыркы кезде Борбор Азиядагы эң чоң Туратали (Кара-Суу) базырнда улам көбөйүп, а түгүл кайыр сураган өспүрүмдөрдүн катары кыйла калыңдаган эле…

        Аталган рейддин соңунда тилемчилик менен туруктуу алектенишкен 38 өспүрүм Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинип, булардын 22синин ата-энесине Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө Кодексинин 74-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлүп, жалпы жонунан 22 000 сом айып пул дагы салынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17