Аймак

1974-ЖЫЛКЫ ЖАШТАР ИМАМГА АВТОУНАА ТАРТУУЛАШТЫ

1974-ЖЫЛКЫ ЖАШТАР ИМАМГА АВТОУНАА ТАРТУУЛАШТЫ

 285 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Курбан айт майрамында Базар-Коргон районунун жергиликтүүлөрү имамга автоунаа тартуулашты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын баш имамына жергиликтүүлөр «Honda CR-V» үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты.

Аталган унааны айылдын 1974-жылкы жаштары имамга ыраазычылык катары, анын эмгегин баалоо иретинде тартуулашкан.

«Жергиликтүү тургундардан Жараткан ыраазы болсун», – деди облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17