Аймак

ТУРИСТТИК ЖАЙЛАРДАГЫ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

ТУРИСТТИК ЖАЙЛАРДАГЫ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

 279 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.  Жалал-Абад милициясы тарабынан Базар-Коргон жана Аксы районундагы туристтик аймактардагы коопсуздук иш-чаралары күчөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү милицияга Кыргыз Республикасынын  ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкерлери кошумча күч катары тартылды.

Алгач, Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык милиция бөлүмчөсүндө коомдук тартипти камсыздоого бөлүнгөн кызматкерлер менен бирге айыл активдеринин катышуусунда, Жалал-Абад ОИИБдин КККнын башчысы милициянын подполковниги Мирлан Давлеталиев тарабынан атайын “инструктаж” өткөрүлдү. Анда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун онлайн кеӊешмеде койгон негизги талаптарын аткаруу максатында, жайкы туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун жана айрыкча чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен бирге коомдук тартипти көзөмөлдөөдө мыйзамдуулукту сактап, туристтерге сылык, маданияттуу мамиле жасап, кандай жардам керек болсо көрсөтүп, сервистик тейлөө зарылдыгын белгилеп өттү.

Андан соӊ Жалал-Абад облустук ЖКККБнын башчысы милициянын полковниги Мирлан Боёнов туристтерди эс алуучу аймактарга ташып кызмат көрсөткөн айдоочулар менен жолугушуп, жол кыймылынын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле өз кызмат өтөөчү багыттарына бөлүнгөн милиция кызматкерлери туристтик жайларга барышып, эл арасында ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана кокустуктарды болтурбоо максатында тиешелүү жумуштарды алып барышууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17