Аймак

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БӨЛҮМҮ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БӨЛҮМҮ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 240 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Бүргөндү айылында заманбап жарандык абалдын актыларын каттоо жана калкты паспорттоштуруу бөлүмү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан малымдалды.

Ачылуу аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Ишенбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундары жана айыл аксакалдары катышты.

Таалайбек Ишенбеков айыл тургундарын куттуктап, элдин ишин жеңилдетүүгө ар дайым аракеттер көрүлүп, баардык мүмкүнчүлүктөр жумшалып жаткандыгын белгилеп, калкты тейлөө бөлүмү элге жакшы кызмат өтөй берүүсүнө тилектеш экенин кошумчалады.

Калкты тейлөө бөлүмүндө жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, ошондой эле касса, сүрөт кызматы, ксерокөчүрмөлөө жана электрондук кезек түзүү залы менен жабдууланган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17