Аймак

КАРАКЧЫЛЫК КЫЛМЫШ ИШИ МЕНЕН АЙЫПТАЛГАН ЖАРАН ПОЛЬШАДАН АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

КАРАКЧЫЛЫК КЫЛМЫШ ИШИ МЕНЕН АЙЫПТАЛГАН ЖАРАН ПОЛЬШАДАН АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

 546 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлеринин коштоосунда Польшанын ыйгарым укуктуу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Польшадагы ардактуу консулу Януш Кшивашинскийдин көмөгү менен Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын өндүрүшүндөгү өзгөчө ири өлчөмдө каракчылык кылмыш иши менен айыпталган Кыргыз Республикасынын А.М. аттуу жараны Варшавадан Бишкекке экстрадицияланды.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей, белгилей кетсек, 2015-жылы Баткен облусунун аймагында А.М. аттуу жаран башка шериктери менен бирге Ы.Ж. аттуу жарандын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен коштолгон кол салып, 1 млн 30 миң АКШ доллары же 62 млн 170 миң 800 сом акча каражатын каракчылык менен ээлеп алышкан.

Учурда аталган жаран кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17