Аймак

БЫЙЫЛ ОШ ШААРЫНДА 4 МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ

БЫЙЫЛ ОШ ШААРЫНДА 4 МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ

 441 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында быйыл жалпы жонунан 1825 орундуу 4 мектептин курулушун бүткөрүү пландаштырылууда. Бул туурасында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов билдирди.

Аталган төрт агартуу мекемесинин арасында Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы 625 орундуу, Ирригатор көчөсүндөгү 275 орундуу эки мектеп 2016-жылы башталып курулушу бүтпөй токтоп турган. Ушул тапта бул иштер кайрадан жандандырылып, быйыл бүткөрүп пайдаланууга берүү максатталууда. Ал эми 225 орундуу Мээркан айылындагы, 700 орундуу Валентина Терешкова атындагы жатак мектебинин курулушу жаз айында башталган. Бул мектептер дагы  быйыл сөзсүз түрдө бүткөрүлүп, пайдалануууга тапшырылат.

Баса, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов соёку тапта аталган окуу мекемелеринин курулуш иштеринин жүрүшүнөн жеринде кабар алып, баарын теё чекесинен көрүп чыкты. Буга улай №74-«Бөбөк» жана №60-“Арча-Бешик” балдар бакчаларын капиталдык оңдоп-түзөө иштерин дагы байкаштырды. Калаа башчысы ошондой эле аталган билим берүү мекемелерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө гана бүткөрүп, пайдаланууга тапшыруу талабын кабыргасынан койду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17