Аймак

«ЖАҢЫ-ЖОЛДУН АСЫЛ АЙЫМДАРЫ» ТАРТУУЛАГАН ТАБИГЫЙ ТАТТУУЛАР

«ЖАҢЫ-ЖОЛДУН АСЫЛ АЙЫМДАРЫ» ТАРТУУЛАГАН ТАБИГЫЙ ТАТТУУЛАР

 330 Бардыгы /

«Жаңы-Жол асылдары» кооперативи Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында жергиликтүү кыз-келиндердин демилгеси менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү максатында түзүлгөн.

Бүгүнкү күнү кооперативдин базасында жер-жемиштерден варенье, компот жана сок даярдоочу цех ачылып, 10дон ашуун кыз-келиндер иш менен камсыз болушкан. Алар кайналы, алма, карагат, долонодон компот, вареньелерди даярдап, элге сунуштап жатышат. Даярдалган продукциялар Жалал-Абад областынын жергиликтүү соода тармактары аркылуу элге сунушталып жатат.  Консервация цехинин ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө мыйзамдагы талаптарды, стандарттарды сактоого өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Кооператив даярдап элге сунуштаган продукциялар Аксыдагы табигый таза мөмө-жемиштерден даярдалып, бүгүнкү күндө эл арасында популярдуулугу өсүп баратат.

Кооперативдин ишмердүүлүгүн мыйзамдын негизинде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн “Абад” коомдук фонду тарабынан такай колдоо көрсөтүлүп келет. Өзгөчө ички иш-кагаздарын туура уюштуруу,  бухгалтердик эсеп жана отчёттуулукту туура жүргүзүү, бийлик менен эффективдүү кызматташуу багытында такай консультациялар жана практикалык иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Бул иш-чаралар Абадкоомдук фонду ишке ашырып жаткан жана Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган «Элет аялдарынын демилгеси менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

Узакбай Абдыллатегин, Жалал-Абад облусу

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17