Аймак

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫН ДЕМАРКАЦИЯЛОО БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН ЖЫЙЫНЫ ФЕРГАНАДА АЯКТАДЫ

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫН ДЕМАРКАЦИЯЛОО БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН ЖЫЙЫНЫ ФЕРГАНАДА АЯКТАДЫ

 261 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 22-27-июль күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

        Атайын жолугушуу маалында Кыргыз-Өзбек чек арасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жана Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарына чектеш жайгашкан айрым участоктордо талаа изилдөө иштери жүрдү. Ошентип,өз ара сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго дагы кол коюлду. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу эми Кыргызстандын аймагында өткөрүлөт.

        Демаркация – мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде белгилөө, атайын чек ара белгилерин коюу. Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөндүгү айтылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17