Аймак

ОШТО МУРДАГЫ ТӨРТ АТКАМИНЕР КАМАЛДЫ

ОШТО МУРДАГЫ ТӨРТ АТКАМИНЕР КАМАЛДЫ

 207 Бардыгы /

Ош шаарында мурунку төрт үлкөн аткаминер камакка алынды. Кармалгандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатышат. Бул туурасында Ош шаардык  сотунан маалымдашты.

        Маалыматка караганда, Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов, Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяз Сансызбаев, Ош шаарынын мурунку  башкы архитектору Алтынбек Токошев жана мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурунку жетекчиси Ашым Семетеев УКМК тарабынан кармалышты. Кармалышкандар «Кызматынан кыянатчылык менен пайдаланышкан» деп шектелип, ушул жылдын 18-сентябрына чейин камакка алынышты. А буга дейре Ош шаарынын прокуратурасы бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарга уруксат беришкендигин жар салып, анан алардын үстүнө кылмыш иши дагы козголгондугун билдирген.

        Эске салчу жагдай: ушул жылдын 14-июлунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы күтүүсүздөн ашып-ташып Ош шаарынын борбордук базарын бүтүндөй каптаган. Селден бир катар турак жайлар, социалдык инфртүзүм, айрыкча Ош шаарынын борбордук базары катуу жабыркаган. Тилекке каршы, аталган апаат беш адамдын дагы өмүрүн дагы кыйып тынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17