Аймак

КӨК-ЖАҢГАК ШААРЫНДА ЖАҢЫ БОКС ОРДОСУ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

КӨК-ЖАҢГАК ШААРЫНДА ЖАҢЫ БОКС ОРДОСУ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 132 Бардыгы /

         Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында жаңы бокс ордосу пайдаланууга тапшырылды. Бул спорт жайынын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК жетекчиси, Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Баса, аталган спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт залы жайгашып, жергиликтүү балдар гана аргасыздан машыгып келишкен. Анда спортчулар үчүн керектүү шарттар таптакыр жок эле. Ал эми имарат 2005-жылдары ашар жолу менен гана курулуп, заман талаптарына жооп дагы берген эмес. Ошол эле маалда эскилиги дагы биротоло жеткен.

Машыктыруучу Бакытбек Рыскулов жергиликтүүлөрдүн атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК жетекчиси, Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиевге атайын кайрылып, балдар үчүн бокс ордосун жаңылап куруп берүүсүн абдан суранган эле. Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн каржылык колдоосунун негизинде заманбап жаңы бокс ордосу бир айдын ичинде курулуп, толук кандуу бүткөрүлдү. Мында боксчулар жана башка спортчулар үчүн машыгуу каражаттары толук бойдон камсыздалып, абдан ыңгайлуу шарттар гана жаратылды. Ошентип, бокс ордосу ушул тапта 200гө жакын спортчуну кабыл алууга дапдаяр.

Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында жаңы бокс ордосунун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК жетекчиси, Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев бокс ордосунан бүгүнкү күндө Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытып, Олимпиада оюндарынын финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулундай боксчулар көп чыгат деген терең ишеничин ачык билдирди. Ошондой эле аталган ордо жаштарыбыздын жана дагы келечек муундун сүйүктүү спорт ордосу болуп калышына тилектештигин дагы жашырган жок!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17