Аймак

ОШТУнун ЫСЫК-КӨЛДӨ 20 ОКУТУУЧУСУ АКЫСЫЗ ЭС АЛЫП ЖАТЫШАТ

ОШТУнун ЫСЫК-КӨЛДӨ 20 ОКУТУУЧУСУ АКЫСЫЗ ЭС АЛЫП ЖАТЫШАТ

 480 Бардыгы /

        Көптөгөн жылдар бою ОшТУда үзүрлүү гана эмгектенип, өмүрүн жана тажрыйбасын аталган жогорку окуу жайына аябастан арнап келатышкан окутуучулар тобу ушул тапта көгүлтүр Ысык-Көлдө дадил эс алып жатышат. Бул туурасында ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев билдирди.  

-Баса, окутуучуларды ОшТУнун жетекчилиги иргеген жокпуз! Эже-агайлар университетибиздин факультеттери жана коллеждери тарабынан гана сунуш этилди. Демек, эмгек алдыңкыларын гана тандадык. Булардын эс алуусу ОшТУнун кесиптик бирлик уюму тарабынан толук кандуу каржыланды, – деп кошумчалады ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев.

Айтмакчы, ОшТУнун алдыңкы агартуучулары ушул тапта көгүлтүр Ысык-Көлдүн “Дельфин” пансионатында татыктуу эс алып жатышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17