Аймак

КАРА-СУУДА АЛМА БАГЫ ТҮПТӨЛДҮ

КАРА-СУУДА АЛМА БАГЫ ТҮПТӨЛДҮ

 150 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Айыл чарбасы, жаратылыш ресурстары жана кайрадан иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ош жергесине жасаган сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Мады айылындагы «Термез» айыл чарба өндүрүштүк коммерциялык  кооперативинин «Алма» багына баш бакты.

-Ушул тапта биз Кыргызстанда агрардык тармакка көбүрөөк көңүл бура баштадык. Айрыкча рентабелдүү өсүмдүктөрдү өндүрүүнү жана дагы малдын продуктуулугун жогорулатууну ого бетер күчөттүк, – деп кашкайган чындыкты моюндады Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Айыл чарбасы, жаратылыш ресурстары жана кайрадан иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев. – Жыйынтыгында  жарандарыбыздын жашоо-шартынын тез оңолушуна жана дагы аймактарда айыл чарба жаатында эмгектенгендердин кирешесин көбөйтүүгө бекем ыктадык.

Кара-Суу районунун Мады айылындагы «Термез» айыл чарба өндүрүштүк коммерциялык  кооперативи 2022-жылдын 12-августунда түптөлгөн. Ушул тапта бул кооператив бакчылык, мал чарбасы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алек. Штаты 3 гана адамдан турат. Ал эми түптөгөн ээлери – 20 адам. Сезон маалында бул жерде эмгектенгендердин саны дээрлик жыйырманы чапчыйт.  Ушул тапта алманын заманбап ММ9 сортун 5 гектарда өндүрүүгө мамлекет тарабынан 20 миллион сом ажыратылып олтурат. Натыйжасын эми алынган түшүм гана көрсөтөт…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17