Аймак

БИР МАНДАТТУУ ШАЙЛОО ОКРУГУ БОЮНЧА ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ДОКУМЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ 2024-ЖЫЛДЫН 22-АВГУСТ, СААТ 24:00ГӨ ЧЕЙИН

БИР МАНДАТТУУ ШАЙЛОО ОКРУГУ БОЮНЧА ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ДОКУМЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ 2024-ЖЫЛДЫН 22-АВГУСТ, СААТ 24:00ГӨ ЧЕЙИН

 189 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сузак №13 шайлоо округу боюнча өзүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүүнү каалаган жарандардын документтери 2024-жылдын, 22 – августу, саат 24:00 чейин кабыл алынаарын эскертет.

Жогорку Кеңештин депутаты болуп Кыргыз Республикасынын жараны, 25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар адам шайлана алат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликти көрсөтүү үчүн (өзүн-өзү көрсөткөн учурда) талапкер тарабынан БШКга ушул шайлоо округу боюнча талапкер катары катышуу ниети жөнүндө арызы керек. Эгер саясий партиядан көрсөтүлсө, партиянын съездинин чечими талап кылынат.

Талапкер өзүнүн жеке каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчүнөн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коет. Талапкер бир гана шайлоо округунан көрсөтүлүшү мүмкүн.

Талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди берүү 2024-жылдын 25- августу саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

Талапкердин ФААТуулган датасыИшинин түрүКөрсөтүү тибиАрыз тапшыруу датасы  
1Кылычбаев Алтынбек Таирович11.07.1977«Жалал-Абад» санаториясынын директорунун орун басарыӨзүн өзү көрсөтүү26.07.2024 12:00  
2Энназаров Санжарбек Арзыкулович09.06.1975ЖЧК “Дари Строй” курулуш компаниясынын директоруӨзүн өзү көрсөтүү29.07.2024 11:25Баш тартты 
 3Эрматов Нурдин Манапович (онлайн)23.12.1968Облустар аралык реабилитациялык борбордун директоруӨзүн өзү көрсөтүү30.07.2024 15:40Баш тартты 
4Максутов Манас Кутчубекович (онлайн)09.08.1985Жеке ишкерӨзүн өзү көрсөтүү31.07.2024 14.40  
5Бегматов Бейшенбек Саматович (онлайн)17.12.1987«Бегматов» ЖИ директоруӨзүн өзү көрсөтүү31.07.2024 15.40  
 
6Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович (онлайн)28.06.1985Сузак районунун Багыш айылдык кеңешинин төрагасыӨзүн өзү көрсөтүү01.08.2024 17.07  
7Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич22.09.1985Жеке ишкерӨзүн өзү көрсөтүү02.08.2024 10.30  
8Сапарбаев Медербек Мусаевич08.08.1990Жеке ишкерӨзүн өзү көрсөтүү08.08.2024 17:20  
9Айдаров Ынакбек Эргешович01.07.1980С.Жапарбаев атындагы спорт мектебинин директоруӨзүн өзү көрсөтүү12.08.2024 17:50Баш тартты 
10Лилиенталь Юлия Викторовна12.07.1981“Эгамберди Хаджы” фодунун директоруӨзүн өзү көрсөтүү15.08.2024 16:56  
11Карымшакова Гулуйпа Омурзаковна30.04.1956Маданият кызматкериӨзүн өзү көрсөтүү16.08.2024 14:00Баш тартты 
12Абдуллаев Нурсултан Абдуллаевич20.04.1992«КРСК» курулуш компаниясынын башкы директоруӨзүн өзү көрсөтүү17.08.2024 09:45  
13Арапбаев Асилбек Ормонович (онлайн)27.04.1969Багыш айыл өкмөтүнө караштуу «Багыш Достук» муниципалдык ишканасынын жетекчисиӨзүн өзү көрсөтүү19.08.2024 16:45  
14Камбарова Гулмира Бекеновна (онлайн)03.10.1960Убактылуу иштебейтӨзүн өзү көрсөтүү21.08.2024 16:45 
15Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевич (онлайн)15.05.1966ЖЧК “Дома-Ата” өндүрүштүк-соода жеке пахта заводунун директорунун орун басарыӨзүн өзү көрсөтүү21.08.2024 17:30  
  
Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17