Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

 9 Бардыгы /

Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарынын Т. Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды.

Капсула салуу аземине КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.

Камчыбек Ташиев имарат ыкчам курулуп, ошол эле учурда сапаттуу болушу зарылдыгын белгиледи. Бул аракет мамлекеттик кызматкерлерге керектүү шарттарды жаратуу, шаар инфраструктурасын жакшыртуу максатында колго алынганын кошумчалады.

Административдик имараттын курулушун келээрки жылы бүткөрүү пландалган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты жана сейин бак менен курчалмакчы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17