Аймак

УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

 9 Бардыгы /

Кечээ, 28-августта Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесин өткөрдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргенджей, кеңешмеге укук коргоо органдарынын, мектеп, бала бакчалардын жетекчилери, Эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары катышты.

Анда 3 маселе каралды:

1) Жалал-Абад шаарынын аймагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылган иш-аракеттер.

2) Жалал-Абад шаарынын аймагында бангичиликтин алдын алуу жана бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү.

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2025-ж.ж. Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө” №227 токтомунун Жалал-Абад шаарынын аймагында 2024-жылдын 8 айында аткарылышы.

Жыйында коррупцияга каршы күрөшүү иш-аракеттери, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, мектеп рекетчилиги, зордук-зомбулук, аптекалык наркомания боюнча орчундуу маселелер ортого салынды.

Жалал-Абад шаарында ар кандай кылмыштуулуктун алдын алууда укук коргоо органдары тарабынан аткарылган иштер боюнча тиешелүү кызматтын өкүлдөрү тарабынан баяндамалар жасалып, 2024-жылдын ушул күнүнө карата жаш өспүрүмдөр арасында оор кылмыштар катталбагандыгы маалымдалды.

Мэр жыйындын катышуучуларына түнкү клубдардын иштөө убактысын көзөмөлгө алуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылуусун болтурбоо жана интернет шылуундарынан жарандардын сак болуусун камсыздоо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17