Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫНДА ТАЛКУУЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫНДА ТАЛКУУЛАНДЫ

 12 Бардыгы /

Кечээ, 28-августта Жалал-Абад облусунун 2024-жылдын жарым жылдагындагы социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн абалын караган коллегиялык жыйын өттү.

Аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жетектеп, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери жана шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын жетекчилери, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорлору, социалдык тармак, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйында 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен облустун өнүгүү көрсөткүчтөрү, коюлган милдеттердин аткарылышы, аймактагы жалпы билим берүүчү мектептердин жаңы окуу жылына жана күз-кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу маалымат айтылды.

Мындан сырткары жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен район, шаарларда “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы, социалдык келишим долбоорунун даректүүлүгү, тазалыктын сакталышы боюнча аныкталган кемчиликтер белгиленди.

Облус башчысы Тилек Текебаев район, шаарлардын жетекчилерине медициналык мекемелердеги дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн жөнгө салуу, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу, энелердин өлүмүн болтурбоо, билим берүү сапатын жакшыртуу, аймактардагы сел тосмолорун бекемдөө боюнча аткарылган жумуштардын солгундугун сынга алды.

Өкүл жетекчилерге келтирилген кемчиликтерди тогуз айдын жыйынтыгы менен аткарууга алуу зарылдыгын эскертип, бир катар район, шаарлардын башчыларыларынын орун басарлары жана тийиштүү кызмат адамдарына тартиптик чара, сөгүш жана кызмат орундарын кароо боюча милдеттемелерди койду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17