Аймак

КЕЗЕКТЕГИ КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН ЖАШ ТЕСКӨӨЧҮЛӨРҮНҮН КАРОО-СЫНАГЫ ТАЖИКСТАНДА ӨТКӨРҮЛӨТ

КЕЗЕКТЕГИ  КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН ЖАШ ТЕСКӨӨЧҮЛӨРҮНҮН КАРОО-СЫНАГЫ ТАЖИКСТАНДА ӨТКӨРҮЛӨТ

 12 Бардыгы /

21-24-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп, ага алты мамлекеттин катарында өзүнүн катышуучуларын жетектеп келген Тажикстан Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик авто инспекциясы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору Рустам Тагоймурод да келип, аны ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков тосуп алган.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, Эл аралык кароо-сынактын жүрүшүндө Рустам Тагоймурод Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары  милициянын генерал-майору  Октябрь Урмамбетов жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев менен да жолугуп, өлкөбүздөгү өтүп жаткан иш-чарага толугу менен күбө болгон.
Жыйынтыктоо учурунда Рустам Тагоймурод сөз сүйлөп, КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагы жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, уюштуруучулар тарабынан иш-чаранын ар бир бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулгандыгын жогору баалап,  баардык катышуучуларга жана туура, акыйкат чечим чыгарган калыстар тобуна терең ыраазычылыгын билдирген.  Ошондой эле бул иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты, ынтымак-достукту бекемдеп,  өсүп келе жаткан жаш муундарга таалим тарбия тартуулаган, эң негизгиси коопсуздукка, жол эрежелерин сактоого багытталгандыгын эске алып, кийинки КМШ мамлекеттеринин Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагы Тажикстан Республикасында өткөрүлөрүн баса белгилеген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17