Аймак

БАРПЫ ТЕАТРЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

БАРПЫ ТЕАТРЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрына жаңы жетекчи дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Максутовдун 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 216 буйругунун негизинде 2024-жылдын 23-сентябрынан тарта Тургунов Таалайбек Рустамович Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрына директор кызмат ордуна дайындалды.

Таалайбек Тургунов 1985-жылы 2-майда Аксы районунда туулган. Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде жогорку билим алган. Буга чейин 2011-жылдан баштап өз кесибин аркалап иштеп “Учур” жаштар театрында 2-категориядагы сүрөтчү, ушул эле куурчак театрда 2-категориядагы актёр, 2015-жылга чейин 1-категориядагы, кийин жогорку категориядагы актёр болуп эмгектенип келген. 2015-жылдан тарта Т.Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрында администратор, Чүй облустук маданият үйүндө администратор, режиссёр кызматтарын аркалаган. 2020-жылдан азыркы учурга чейин Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар көрүүчүлөр театрында директордун орун басары болуп иштеп келген.

Жаңы дайындалган театрдын директору Таалайбек Тургуновду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жамаатка тааныштырды. Мындагы жамаат жетекчини жылуу кабыл алуу менен тосуп алышты.

Жаңы жетекчи театрдын жамааты менен таанышып, алар менен биргеликте алдыда чоң чыгармачылык ийгиликтерди багындырып, Барпы театрынын атын алыска таанытып, мыкты спектаклдер менен ары жагы Түркия, бул жагы коңшу Өзбекстан мамлекеттерине гастролго чыгышарын билдирди. Ошону менен бирге чыгармачыл жамаатта аксап жаткан кадр маселесин чечүү жолдорун белгилеп, жаш кадрларды көптөн үмүттөндүрдү.

Учурда Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында 69 кызматкер эмгектенет, анын  ичинен 23ү чыгармачыл жамаат актёрлор.

Буга чейин Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрын Санжарбек Берикбаев жетектеп келген.

Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17