Аймак

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖАҢЫ ӨРТ ӨЧҮРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖАҢЫ ӨРТ ӨЧҮРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

 6 Бардыгы /

Бүгүндөн баштап Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү кызматынын жаңы имараты курула баштады.

Капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты. Облус башчысы мекеме кырсыкка карата айыл аймактагы даярдыктарды жакшыртууга, жарандардын өмүрүн сактоо жана өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыяндын көлөмүн азайтууга жардамы чоң болорун белгиледи.

Өрт өчүрүү кызматынын жаңы имаратынын сметалык баасы 15 млн. 270 миң сомду түзөт. Имараттын курулушуна Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 14 млн. 270 миң сом акча каражаты бөлүнсө, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районун Момбеков айыл аймагынын Эски-Кочкор-Ата айылындагы сел тосмонун абалы менен таанышты. Сел тосмо ушул жылдын июнь айында катуу жааган жаандын кесепетинен жараксыз абалга келген.

Облус башчысы алдыдагы убакытта сел тосмону бекемдөө боюнча иш аракеттер колго алынаарын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17