Аймак

БАТКЕНДИН ЗАРДАЛЫ АЙЫЛЫНА ЧАКАН ГЭС КУРУЛАТ

БАТКЕНДИН ЗАРДАЛЫ АЙЫЛЫНА ЧАКАН ГЭС КУРУЛАТ

 6 Бардыгы /

        Баткен облусунун эң алыскы Зардалы айылына кубаттуулугу 29 мегаваттык чакан ГЭС курулат. Бул туурасында  Жашыл экономика фондунан билдиришти.

        Аталган фонддон маалымдашкандай, долбоордун суммасы дээрлик 1,6 миллиард сомду түзөт. Долбоор президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна жасаган иш сапарында демилгеленген. Чакан ГЭС 6,31 гектар аянтка Зардалы дарыясынын нугуна салынат. Иштер «Ак-Буура Групп» ЖЧКсы тарабынан аткарылат.

        Аталган долбоор Баткен районунун алыскы айылдарын туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын гана көздөйт. Зардалы айылынын тургундарына жана бул аймактагы чек ара заставасына да электр жарыгы тынымсыз берилет. Азырынча застава дизелдик генераторлор менен камсыздалган, бирок чакан ГЭСтин ишке кириши менен электр чубалгылары биринчи кезекте ушул социалдык маанилүү обьектилерге кошулат.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17