Аймак

ЭАУда ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНӨ КАРАТА ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

ЭАУда ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНӨ КАРАТА ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 6 Бардыгы /

Кечээ, 5-ноябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “1937-1938-жылдары Кыргызстандагы саясий репрессиялардын себептери жана кесепеттери” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, аталган тегерек столго ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы, студенттери жана бир катар уюм-мекемелердин өкүлдөрү катышты. Кадырлуу меймандардын бири тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов болду. Тегерек стол  ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулган, башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нуржамал Мырзабаева. Тегерек столду тарых илимдеринин кандидаты, профессор Жеңишбек Дүйшеев алып барды. Илимий иш-чаранын темасы боюнча бир нече баяндамалар жасалып, тарыхый видео тасмалар көрсөтүлүп, кызуу талкуулар болду. Соңунда т.и.д., проф., КР УИА мүчө-корр. Абылабек Асанкановдун жана ф.и.д., проф., КР УИА акад. Абдыганы Эркебаевдин 2023-жылы орус тилинде жарык көргөн “2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон этностор аралык кагылышуу” аттуу китеби да мамлекеттин бүтүндүүлүгү, этностор аралык ынтымак маселесинде каралды. Аягында мыкты баяндамалары менен чыккан студенттер атайын күбөлүктөр, ыраазычылык каттары менен белгиленип, катышуучуларга көркөм окуулар тартууланып, ЭАУ студенти Гуламжанова Гүлзат мекенчил “Ала-Тоо” ырын аткарды. Жалпысынан илимий иш-чара абдан мазмундуу жана кызыктуу өттү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17