Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК БАШКАЛААСЫНДА ТӨРӨЛГӨН ҮЧ ЭМДИН АТА-ЭНЕСИНЕ 3 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИР ТАПШЫРЫЛДЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК БАШКАЛААСЫНДА ТӨРӨЛГӨН ҮЧ ЭМДИН АТА-ЭНЕСИНЕ 3 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИР ТАПШЫРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылы 7-мартында Кыргызстандын Түштүк башкалаасында  төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 500 миң сом акча жана 3 бөлмөлүү батир тьапышырлды. Белек-бечкектерди президент Садыр Жапаровдун атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев тапшырды.

– Бул сыйлыктар Сиздердин үй бүлөңүздөр үчүн колдоо сыңары гана берилип жатат. Балдарыңыздар менен мындан ары дагы бактылуу болуп, кыйналбастан жашаңыздар. Мындан ары дагы Сиздерге такай көнүл буруп, колдоо дагы көрсөтүп турабыз. Сиздер уул-кыздарыңыздарды жакшылап тарбиялап, Мекен үчүн кызмат кыла турган, патриот, билимдүү, адеп-ахлактуу кылып өстүрөсүздөр деп ишенем! – деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев.

Баса, 3 эмдин атасы Гүлжигит Каримов Ош шаарындагы Жаза Аткаруу кызматында иштейт. Ал эми апасы Айсана Султанова – үй кожойкеси. Алардын жалпысынан 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз бала. Шаарда кичинекей, жашоо шарты жок болгон тамда турушат эле. Жаңы конуш ээлери тартууланган белек-бечкектер жана үң тер үчүн өлкө башчысына жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17